БИЛИМ БАГЫТЫ:  510100-«МАТЕМАТИКА»

ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

Жаңыланууга ынтызар, коммуникативдүү, кесипкөй, компетенттүү, этикалык жана кесиптик баалуулуктарды тааныган, заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүү жана терең теориялык  билимге ээ болуу менен бирге, дүйнөлүк деңгээлде билим жана технологияны жараткан, коомдук баалуулуктарды сыйлаган изилдөөчүлөрдү даярдоо үчүн күчтүү академиялык түзүмдү куруу.

 

МАКСАТ

Докторантура (PhD) программасынын максаты: көз карандысыз изилдөө жүргүзгөн, илимий маселелерди кенен жана терең көз караш менен талдап чечмелей билген, жаңы математикалык идеяларды жана методдорду иштеп чыккан, багытында адистешкен, улуттук жана эл аралык илимий басылмаларга сереп салып турган жана учурдагы тенденцияларды баамдаган, этикалык жана кесиптик баалуулуктарды тааныган, кесиптик өнөктөштөрү  менен тыгыз байланышта болгон, өлкөбүздүн илимий потенциалын дүйнөлүк атандаштыкка туруштук бере алгандай жогорулаткан,  математика жана аны менен байланышкан ар кандай дисциплиналардагы изилдөөлөргө катышып, жогорку деңгээлдеги оригиналдуу эмгектерди жараткан жана аларды мартабалуу илимий журналдарда жарыялоо менен илим казынасына өз салымын кошкон изилдөөчүлөрдү даярдоо үчүн зарыл болгон билим менен касыз кылуу.

Университеттин Уставына ылайык, Түркиянын жогорку окуу жайларында  иштеген, багыты боюнча адис окумуштуулар беш жылдан кем эмес мөөнөткө бөлүмгө дайындалып келиши  жогорудагы  максаттарды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

 

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  1. Докторантура программасы математиканын негизги багыттарында компетенттүү жана ийгиликтүү изилдөөчүлөрдү даярдайт. Кабыл алынган студенттер математика илиминин багыттарынын бири боюнча адис болуп чыгат. Программа илимдин жана илимдин өнүгүшүнө салым кошкон изилдөөчүлөрдүн катарына кошулууну каалаган математика, математикалык инженерия, математикалык билим берүү, математика жана информатика, колдонмо математика багытында магистратура же адис даражасы бар студенттер үчүн PhD программасында окууга мүмкүнчүлүк берет.
  2. Докторантурада окуган  студенттетер сапаттуу билим алуу үчүн университеттин кампусунда түзүлгɵн шарттарды: жалпы аудитория, лаборатория, китепкана, музей, поликлиника, спортттук комплекс, ашкананы колдоно алышат. Ошондой эле  табигый илимдер факультетинде жайгашкан  алты (6) аудитория, эки (2) семинар бөлмөсү, компьютердик лабораториясы алар үчүн дайыма ачык. Студенттер окуу жана илимий адабияттарга, мезгилдүү басылмалардын маалымат базаларына, электрондук ресурстарга жана окуу залдарына ээ болгон, заманбап интернет-инфраструктурасы менен үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн университеттин китепканасын пайдалана алышат.

PhD  программасы боюнча билим берүүнү беш (5) профессор, үч (3) доцент, үч (3)доценттин милдетин аткаруучу профессордук-окутуучулар жамааты ишке ашырат. Алардын жетөө (7) Математика бөлүмүндө туруктуу штатта иштешет. Арасында PhD программасын чет өлкөдө бүтүрүшкөн окутуучулар да бар.  Окутуучулар өз тармактары боюнча жергиликтүү жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөр менен ар дайым кызматташтыкта болуп, ар кандай илимий иш-чараларга катышып турушат. Алардын ичинде  төртөө (4) Түркиядагы абройлуу университеттер тарабынан кеминде беш (5) жылга бөлүмүдүн окутуучусу катары дайындалып, математиканын ар кандай багыттары боюнча сабак беришет. Биздин бөлүмдө жыл сайын Түркиядан жана башка мамлекеттерден келишим менен жогорку квалификациядагы мугалимдер келип иштешет.

  1. Университетибиздин узактан билим берүү «э-сабак» платформасын колдонуп, келишим түзүлгɵн университеттерден  сабак алуу мүнкүнчүлүгү бар. 
  2. PhD окуу программасы, илимий тенденциялар жана инновацияларга карата кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу менен ар дайым жаңыланып турат.
  3. Математика бөлүмүнүн PhD программасынын айрым илимий багыттары:

 

  • Дифференциалдык теңдемелер
  • Интегралдык теңдемелер
  • Анализ жана функциялар теориясы
  • Геометрия
  • Алгебра
  • Топология